Ташиев Мадумаровго: колуңузду түшүрүп сүйлөңүз, эмне кыларымды билесиз. Видео

УКМК төрагасы депутатты сөздү бурмалап жатат деп айыптады.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте депутат Адахан Мадумаровго кайрылып, кепти бурмалап жатканын айтты.
"Өмүр бою мамлекетке колуңуз менен болбосо да тилиңиз, оозуңуз, акылыңыз менен иш кылып келе жатасыз. Эми өзүңүзгө ылайык кылып айта бербестен бүт жагын айтпайсызбы. Эмнеси туура эмес экенин далилдеп бериңиз", — деп кайрылды Ташиев.
Ошол учурда Мадумаров кол көтөрүп сүйлөп калды эле "колуңузду түшүрүп сүйлөңүз, билесиз мен дагы бир нерсе деп айтып коём. Колуңузду түшүрүп сүйлөңүз, сураныч" деди УКМК төрагасы.
Андан соң Мадумаров депутаттын абийирине шек келтирген учурда тыйып коюшун сурады. Ал кол көтөргөндө 10 мүнөт убакыт сурап төрагага кайрылганын айтты. Мындан улам бардык нерседен жамандык көрүп, чочулай бербөөгө чакырды.
"Сизден эч ким чочулаган жок, чочуласак башкача кылат элек. Сизге депутат катары кайрылып жатабыз, чочулагыдай эмне сиз бөжөкөсүзбү? Биз сизден, сиз бизден коркпойсуз. Мамлекеттик деңгээлде гана иш алып барабыз", — деди Ташиев.
Белгилей кетсек, буга чейин да экөө кайым айтыша кетип, Ташиев Мадумаров колун көтөрүп сүйлөсө сындырып коё турганын айткан.
Эч коркпоңуздар, биз туура жолдо баратабыз. Садыр Жапаров депутаттарга кайрылды