БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде бул жылы кесиптик-техникалык окуу жайларда кайсы адистиктер суроо-талапка ээ болгонун айтып берди.
© Sputnik / Карина Разетдинова
"Бул жылы ашпозчу болом деген бүтүрүүчүлөр көп. Мамлекеттик экзаменде дасыккан жаш ашпозчулар менен сүйлөшсөм, Бишкекте айына үч миң доллардан табышат экен. Муну балдар да түшүнүп калды. Быйыл маалымат технологиясы, чачтарач, дизайнер, транспорт, айыл чарба тармагындагы адистиктерге тапшыргандар көп катталды. Мындан тышкары, ширетүүчү, автослесарь, автомеханик, электрик сыяктуу адистиктер суроо-талапка ээ болду", — деген Мамырова.
Анын айтымында, курулуш жана жеңил өнөр жай тармагы менен байланышкан багыттарды тандагандар салыштырмалуу азайган.
"Азыр тигүү цехтери тигүүчүлөрдөн сертификат, квалификация сурабайт. Бирок бул тармакта окуган адистер тигүү цехтеринде сапат боюнча алдыда болот деп айта алам", — деген ал.
Буга чейин Мамырова кесиптик-техникалык билим алууну каалаган жаштардын саны жылдан-жылга өсүп жатканын белгилеген.