Пресс-борбор

Радиоберүүнүн кызыгын кантип арттыруу керек. Алып баруучунун кеңештери

Евгений Майструк суроо берүүдөн тартынбоо керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Радиоберүүнү угармандар үчүн кантип кызыктуу кылуу керектигин Sputnik радиосунун баяндамачысы, алып баруучу Евгений Майструк айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда SputnikPro долбоорунун алкагында мастер-класс өткөргөн.
Майструктун айтымында, кээде эфирди даярдоого чолоо тийбей калган учурлар да болот.
"Таптакыр кызыгы жок сыяктанган тема туш болуп калды дейли. Негизи начар тема болбойт, баарынан угармандын кызыгуусун жараткан жерин тапса болот. Эгер тема сиздин өзүңүз үчүн кызыктуу болбосо, угуп жаткан киши аны сезип, башка нерсеге алаксып кетет. Башкы максат — сиз сөз кыла турган нерсени өзүңүз үчүн кызыктуу кылуу", — деди баяндамачы.
Ал өз тажрыйбасынан мисал келтирген.
"Мисалы, мен футболду анча жакшы биле бербейм, бирок аудиторияда жаш куракка карабай абдан популярдуу. Эмне кылуу керек? Мен аны өзүм үчүн кызыктуу кылууга аракет кылам, футболчулар оюн талаасынан тыш эмне кылышат, кандай спорткарларды сатып алышууда деген суроолордун айланасындагы берүү даярдайм", — деди Майструк.
Ал берүү учурунда суроо берүүдөн тартынбаш керектигин, теманы түз эфир учурунда да өзгөртүү толук мүмкүн экенин белгиледи.
SputnikPro — Россиянын мыкты медиаменеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентациясы жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт. SputnikPro окуулары 2018-жылдын жазынан бери Армениядан Индияга, Грециядан Кытайга чейин өттү. Жалпы жонунан долбоорго 80 өлкөдөн 5 000 киши катышкан.
Sputnik — эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу, "Россия сегодня" медиатобунун бир бөлүгү. Sputnik ондогон тилдерде иштеген интернет-сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүүлөрдү, англис, араб, испан, кытай жана фарс тилдеринде чыккан маалымат түрмөгүн бириктирип турат. Sputnik маалымат ресурстарынын аудиториясы айына 21 миллион кишини түзсө, соцтармактагы катталуучуларынын саны 26 миллионго жетти. Sputnik агенттигинин башкы кеңсеси Москва шаарында жайгашкан.
Пресс-борбор
Telegram-канал ачып, аны алып барууда видео менен кантип иштеген оң? Кеңештер