Кыргызстандан Кытайга кайрадан бал экспорттоого жол ачылды

Министрлик бул продукцияны кайсы компаниялар экспорттой ала тургандыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда өндүрүлгөн бал кайрадан Кытайга экспорттоло баштайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, балды КР Айыл чарба министрлигинин, Кытай Эл Республикасынын Ветеринария кызматтарынын реестрине кирген жана Кытайдын ветеринардык-санитардык 5G сертификатын алган компаниялар экспорттой алат.
"14-ноябрда Кыргыз Республикасынан балды жана бал продукциясын Кытай өлкөсүнө экспорттоого расмий уруксат берилди", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, аталган продукцияны Кытайга жөнөтүү пандемияга байланыштуу 2019-жылы токтотулган.
Быйыл Японияга 400 тонна кыргыз балы жеткирилмей болду