Классикалык чыгармаларды угуңуз! Бишкекте акысыз концерт өтөт

Улуттук филармониянын кичи залында Чайковский, Пескин, Россин, Равель өңдүү композиторлордун чыгармалары жаңырмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. "Русский дом" ордо калаада россиялык музыканттардын катышуусу менен классикалык музыка концерти болорун кабарлады.
"19-ноябрда Улуттук филармониянын кичи залында Чайковский, Пескин, Россин, Равель өңдүү композиторлордун чыгармалары жаңырмакчы. Ошондой эле эл аралык сынактардын лауреаттары болгон Алексей Иванов (труба), Алексей Шипунов (кларнет), Александр Папушев (скрипка), Ярослав Коваленко (фортепиано) жана Даниил Зимин (виолончель) аткаруусуна күбө болосуздар", — деп жазылат маалыматта.
Ушул эле күнү Кыргыз улуттук консерваториясында Санкт-Петербург музыка үйүнүн педагогу, Санкт-Петербург мамлекеттик консерваториясынын профессору, пианист Леонид Зайчик мастер-класс өткөрөт.
Концертти Россиянын Маданият министрлиги, Бишкектеги "Русский дом" (Россотрудничество) уюму уюштурмакчы, кирүү акысыз.
Россиядан келген адистер Ошто 60 мугалимдин квалификациясын жогорулатты