Ташиев: Орто-Токой суу сактагычы Өзбекстанга берилбейт

Бүгүн Жогорку Кеңеш Өзбекстан менен болгон чек ара маселесин карап, тиешелүү документти ратификацияламакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Мурдараак Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычы да Өзбекстанга берилип кетиптир деген сөздөр тарады, бул туура эмес. Мындай билдирүүнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогоку Кеңештин отурумунда айтты.
"Буга чейин Орто-Токой дагы Өзбекстанга берилип кетиптир деген сөздөр тарады. Бул туура эмес. Орто-Токой толугу менен Кыргызстанда калды", — деди ал.
Төрага суу сактагыч "толугу менен бизде каларын" кошумчалады.
Ташиев өзүнүн докладында Өзбекстанга Кемпир-Абаддын алдындагы 4 485 гектар жердин берилерин, ал эми Кыргызстанга бул коңшу мамлекет менен чек ара тилкелеринин тегерек-четинен 19 700 гектар жер өтүп жатканын айтты.
Бүгүн Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө Кыргызстандын министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо маселесин карап жатат.
Жапаров: Кемпир-Абаддын жерин кааласак 10 жылдан кийин деле алмашып алабыз