БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Акыркы беш жылда 15-24 жаштагылар арасында бош жүргөндөрдүн саны бир топ кыскарды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова
© Sputnik / Карина Разетдинова
"NEET (Not in Education, Employment or Training) деген аббревиатура бар. Эч жерде окубаган, иштебеген жаштарды ушундай атап коюшат. Беш жыл мурда 15 жаштан 24 жашка чейинки мындай кыргызстандыктардын саны 27 пайызды түзсө, азыр бул көрсөткүч 19 пайызга түштү", — деген Мамырова.
Анын айтымында, соңку беш жылда кесиптик-техникалык окууга тапшыргандардын саны 10 пайызга өскөн.