Төө-Ашууда кар жаап, автотыгын жаралды. Видео

Кечээ жол милициясы жаан-чачын болуп, ашууларда көчкү жүрүшү мүмкүн деп эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашууда автотыгын жаралды.
Сапарга чыккандар аталган жерде абал кандай экендигин чагылдырган видео жиберген. Ашууда кар жаап жатканын, туруп калган автоунааларды көрүүгө болот.
Кечээ ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы сапарга чыкчуларга жаан-чачын болуп, ашууларда көчкү жүрүшү мүмкүндүгүн эскерткен.
Кыштын биринчи айы суук болобу? Декабрга карата аба ырайы