Самбо боюнча дүйнө чемпионатында КР спортчулары жалпы 6 медаль алды. Сүрөт

Спортчулар эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль тагынышты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар самбо боюнча дүйнө чемпионатында жалпы 6 медаль алганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
1 / 3

Кыргызстандык спортчулар самбо боюнча дүйнө чемпионатында жалпы 6 медаль алганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди

2 / 3

Турнир 11-13-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн

3 / 3

Белгилей кетсек, самбо боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстанда быйыл алгачкы жолу уюштурулган.

Турнир 11-13-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн.
"Эркектер жана аялдар арасында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча 21 медаль комплекти ойнотулуп, анын ичинен кыргызстандык спортчулар эки алтын, бир күмүш жана үч коло медалга ээ болушту", — деп айтылат билдирмеде.
Белгилей кетсек, самбо боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстанда быйыл алгачкы жолу уюштурулган.
Бутунан майып кыргызстандык жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш тагынды