Президент туткун эмес, жан сакчыдан баш тарта алгыдай болсун. Бекешев мыйзам тууралуу

Долбоорго ылайык, Мамлекеттик күзөт кызматы беш адамды милдеттүү түрдө кайтарат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бийлик башчыларына жан сакчыдан баш тартуу укугун берүүнү сунуштады.
Бүгүн парламентте "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Бекешев кесиптештерин бул демилгени четке кагууга чакырды.
Долбоорго ылайык, Мамлекеттик күзөт кызматы беш адамды милдеттүү түрдө кайтарат. Алар:
Жогорку Кеңештин төрагасы;
министрлер кабинетинин төрагасы;
президент жана анын үй-бүлөсү;
Жогорку соттун төрагасы;
Конституциялык соттун төрагасы.
"Ушул беш кишиге жөндөн-жөн эле каражат кетип жатат. Аларга мамлекеттик күзөттөн баш тартууга укук бербейлиби. Кааласа да баш тарта албайт экен. Мамлекеттик күзөт президентти да туткундап алгандай эле. Мамлекет башчы эмнеге баш тарта албайт? Мамлекеттик күзөт кызматынын буйруктары президенттин жарлыгынан өйдө турабы? Эгер президент, төрага жан сакчыдан баш тартып же азайтып каражат үнөмдөйүн десе, мыйзам жол бербейт. Конституциялык сотко жан сакчынын эмне кереги бар? Жөн эле акчаны кетирип жатабыз", — деди Бекешев.
Мындан улам ал мыйзам долбоорун артка кайтарып, ушул жагдайды эске алууга үндөдү.
Бирок анын артка кайтаруу сунушун көпчүлүк депутаттар колдогон жок.
Экс-президент резиденциядан кетип, жан сакчыны өзү каржыласын. Мыйзам долбоору