Россия: Польшага түшкөн "россиялык ракеталар" тууралуу маалымат провокация

Польша лидери Анджей Дуда бул ракеталар кимге таандык экендиги тууралуу так маалымат жок экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя.— Sputnik. Польша ЖМКларынын жана расмий өкүлдөрүнүн Пшеводув районуна "Россиянын ракеталары түштү" деп жазгандары кырдаалды курчутуу максатында жасалган атайын провокация. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдирди.
"Украина — Польша чек арасына жакын жерге ракета менен сокку урулган эмес. Интернетте тарап жаткан калдыктардын сүрөттөрү россиялык ракетага тиешеси жок. Ал эми Польша ЖМКларынын "Россиянын ракеталары түштү" деп жазгандары кырдаалды курчутуу максатында жасалган чагымчылык", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Эске салсак, 15-ноябрь күнү кечинде Польша ЖМКлары Украина менен чектешкен аймагына, тагыраагы, Пшеводув районуна эки ракета кулаганын билдирип, эки адам каза болгонун маалымдаган. Өлкө башчысы Анджей Дуда бул ракеталар кимге таандык экендиги тууралуу так маалымат жок экенин айтса, Польшанын Тышкы иштер министрлиги ракеталар Россияда чыгарылганын белгилеген. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Анджей Дуда менен сүйлөшүп, бардык фактыларды аныктоо керектигин билдирген.
Ал эми АКШ президенти Жо Байден алдын ала алынган маалыматтар ракеталар Россиядан учурулган деген версияны четке кагарын айтып, шашылыш жыйынтык чыгарбай турууга чакырган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда Россияны жарга такоонун кесепети кандай болору айтылды