БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. 2024-жылга чейин Ысык-Көлдүн айланасына туристтер үчүн кеминде беш борбор салынат. Бул туурасында Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, жакында курулушка тендер жарыяланат. Долбоорду Дүйнөлүк банк каржылап, буйрутманы Туризм департаменти бермекчи.
"Бул борборлордун айлана-тегереги жасалып, ичинде маалымат алмашуу борбору, медициналык бөлмө, кичи маркет, тамак ичүүчү жай, ажаткана болот. Автоунаа койгон жайы да караштырылган. Биз бул борборлор салына турган жер тилкелерин аныктап, археологиялык иликтөө, экологиялык экспертиза жүргүздүк. Курулуш иштерине баары даяр. Бул жайларда жергиликтүү тургундар ишкерлик кылмакчы", — деди Кенжематова.
Ал бул борборлор Көлдүн кайсы жерлерине салына турганын айтты.
"Бири Балыкчыга курулса, экинчиси Түп менен Каркыра жолдорунун кесилишинде болот. Үчүнчү борбор Ак-Сууга кетип бара жатканда Теплоключенка айылынын жанына түшөт, төртүнчүсү Тосор айылында, бешинчиси Бөкөнбаев шаарчасына салынат. Эгер акча жетип калса, алтынчысын да курабыз. Бирок анын орду аныктала элек. Же Каракол шаарына, же Ысык-Көл районуна салынмакчы", — деген департамент директорунун орун басары.
Ал 2026-жылга чейин Ош облусунда да ушул сыяктуу борборлорду куруу пландалып жатканын кошумчалады.