Аяздуу күндөр жакындаган сайын Европада кырдаал курчуй баштады. Германиялык Uniper энергетикалык концерни швециялык өнөктөштөрүнө жаңы атомдук реакторлорду куруу программаларын толугу менен жыйыштыра турганын маалымдады. Бул туурасында Sveriges Radios Ekot радиостанциясынын эфиринен аталган ишкананын спикери Жорж Опперманн билдирди.
Uniper – Россияга да белгилүү компаниялардын бири. Эң оболу ал бир топ жылдардан бери россиялык газды сатып алгандардын сап башында болгон. Ошондуктан атомдук генерация объектилери менен бирге аталганы көпчүлүктү таң калтырбай койбойт. Жагдайга Сергей Савчук баам салып, макала РИА Новости агенттигине жарыяланган.
Uniper концернинин каржылык абалы кыйла туруктуу эле. Аны мындан билиңиз, германиялык энергетиктер Швециянын дээрлик бүтүндөй атомдук кластерин сатып алган. Анткен менен Брюссель да, антимонополиялык комитет да мындай көрүнүшкө унчуккан эмес. Чет өлкөлүк менчик компания көз карандысыз Швецияга таасир этүүнүн рычагы катары өз абалынан пайдаланышы ыктымал деген тейдеги эч бир макала да табылбайт.
Ушул тапта Uniper Oskarshamn (OKG) атомдук электр станциясынын акцияларынын көзөмөлдөөчү топтомуна, Ringhals жана Forsmark атомдук электр станцияларынын миноритардык пакетине ээлик кылат. Ал тургай швециялык эң аксакал ишканалардын бири – Barsebäcksverket атомдук электр станциясы да аталган концернге таандык. 90-жылдардын аягында аны пайдалануу токтотулуп, ошол тушта Uniper компаниясы аны кайра оңдоп-түзөп чыгуу милдетин өзүнө алган.
2022-жылдын энергетикалык жана каржылык бороону Швецияны да кыйгап өткөн жок. Бул мамлекетте да анын таңсыктыгы, наркынын кымбаттаганы байкалды. Ошондуктан бир ай мурун Uniper концернинин бир бутагы болгон Barsebäck Kraft компаниясынын башкы директору маектеринин биринде атомдук электр станциясынын инфраструктурасын бузбай тургандарын айтып алган. Ал гана эмес, объектинин базасында болду-болбоду атомдук генерация жайгаша турган энергетикалык кластер уюштурулары да ажеп эмес.
Айтор, жөнөкөйлөштүрүп айтсак, концерндин ээлери мында бул технология өндүрүштүк деңгээлге чыгары менен чакан модулдук реакторлорду колдонуу аркылуу жаңы атомдук электр станциясын түзүүнү көздөшкөн. Бул жагынан узакты болжой алган кыраакылыгы үчүн германиялык энергетиктерге алкыш айтууга да болот. Анткени Швециянын атомдук электр станцияларынын баарына бир топ жыл болуп калды, аларды, атап айтканда эң эзелки Barsebäcks станциясын кайра жаңыртуу болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү жаратмак.
Бир жагынан швециялык электр энергия рыногунда Uniper концернинин жапырт үстөмдүгү орноп, экинчи жагынан бул Европа биримдигинин россиялык энергетикалык ресурстар менен жабдуудан көз карандылыгын басаңдатуу жөнүндө чындап эле айтууга жол бермек.
Азыркы учурда швециялык энергетикадагы OKG атомдук электр станциясынын үчүнчү энергетикалык блогу (1985-жылы ишке берилген), Ringhals АЭСинин үчүнчү жана төртүнчү реакторлору (1981 жана 1983-жылдары ишке киргизилген), ошону менен бирге эле Forsmark АЭСинин үч энергетикалык блогу (тармакка 1980-1985-жылдар аралыгында туташтырылган) германиялык ишканалардын көзөмөлүндө. Энергетикалык баланстын түзүмүндөгү биринчи станция электр кубатын өндүрүүдө — 7, экинчиси — 20, үчүнчүсү — 15 пайыздык үлүшкө ээ. Баарын кошкондо жалпы улуттук генерациянын 40тын тегерегиндеги пайызы чыгат, демек, Швеция бул жагынан атомдук өлкө атыгууга толук акысы бар.
Анан, албетте, мындай көрсөткүч менен Стокгольм өзүнүн реактордук паркын жаңылоого өтө кызыкдар. Себеби анын ишиндеги кымындай мүчүлүштүк да абдан маанилүү. Мисалы, 9-ноябрда OKG атомдук электр станциясынын үчүнчү энергетикалык блогунда үзгүлтүк болуп, анын кесепети 1400 мегаватт кубаттуулукту түзгөн. Натыйжада Швециянын бүт түштүгү зыян тартты.
Ошондуктан өлкө өкмөтүнүн Uniper концернинин пландарына тилектеш болуп турганына таңдануунун кажети жоктур. Анткени өзүнүн энергетикалык ресурстарга ээлик кылуусун бекемдөө менен иш жүзүндө Европанын эң жашыл өлкөсү болууга ачык эле умтулат.
Бирок Uniper концерни реакторду жалгыз кура албайт. Бул курулушка алар негизги буюртмачы жана инвестор катары гана катышмак. Эске салсак, алардын жакындагы каржылык абалы буга жол бермек. Анткен менен бул тармактагы уу-дуу кептерге кулак салсак, реакторлорду куруу келишимин франциялык EDF компаниясына өткөрүү пландалган. Анын буга чейинки ийгиликтерин баамдасак, мындай буюртманы курууга кудурети жетет. Россиялык аскердик атайын операция жана Европанын Россияга каршы ыктыярдуу-мажбурлоо менен санкция киргизишине чейин баары алар пландагандай жүрүп жаткан.
Чектөөлөрдүн айынан түтүк аркылуу жөнөтүлгөн россиялык көгүлтүр оттун көлөмү азайып, белгилүү бир учурда Uniper сатып алууну да токтоткон. Андан көп өтпөй компания рекорддук чыгашага учурап, жоготуулары 40 миллиард долларды түзгөнү маалымдалган. Ал түгүл банкроттук жарыяланары тууралуу да кеп жүргөн.
Uniper концерни да, Eon энергетикалык компаниясындагы кесиптештери менен биргеликте электрди үнөмдөө максатында кышкысын өз кеңселеринин бир бөлүгүн жапмак болду. Атап айтканда, Дюссельдорфтогу штаб-квартирасындагы кеңселердин кеминде эле жарымы жабылды. Башка жайларында 14 градустук жылуулук сакталмакчы. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу, логотиптеринин жарыгы да өчүрүлөт, кожоюндардын айтымында, мындай сарамжалдык 20 пайыз жылуулукту үнөмдөйт. Анан ушундай кырдаалда жаңы реакторлорду курууга кайдагы инвестициялардан кеп козгоого болот?!
Швециянын атомдук энергетикалык заманга бапташтыруу пландары жокко чыгарылардын алдында Прагада ошол эле атомдук энергетика маселелери жөнүндө конференция да өткөрүлбөспү. Иш-чарада комиссар Кадри Симсон тынчтык атому дайым болгон жана Европанын коопсуздугун камсыздоодо сакталып каларын так кесе билдирген эле.
2030-жылга дейре Европа биримдигине атомдун базасында 100 гигаваттан кем эмес өндүрүштүк кубаттуулук зарыл, бул – бүтүндөй генерациянын 15 пайызы. Бирок ал убакытка чейин азыркы реакторлордун көпчүлүгү жарактан чыгып калат. Аларды жаңыртуу үчүн реакторлордун жаңы муунун да иштеп чыгуу абзел. Ал эми буга кеминде эле 450 миллиард евро керектелет. Мындай жагдай түзүлөрүн, россиялык мунайчылар менен көгүлтүр отчулары Европанын атомдук ренессансынын баштоочуларынан, тагыраак, себепчилеринен болуп каларын ким ойлоптур...