БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кембридж университетинин окумуштуулары экспедиция учурунда Кыргызстанда жоогазындын жаңы жана өзгөчө түрүн табышты. Бул тууралуу британиялык университеттин сайтында жазылган.
Бийиктиги 10-19 сантиметр болгон гүл Токтогул районунун тоолуу аймагынан табылган. Ошол себептен аны илимпоздор Токтогул (Tulipa toktogulica) деп атап коюшкан.
Окумуштуулар тобунун Кыргызстанга болгон экспедициясы жоогазындарды сактоо боюнча долбоорунун бир бөлүгү болгон.
"Бул ачылыш өтө кызык болду. Башында ачык сары түстөгү жоогазынды гүлдүн башка түрлөрүнө окшоштурдук. Бирок Кембридж университетинде жасалган ДНК тест бул жоогазындын жаңы түрү экенин көрсөттү", — деген экспедиция катышуучусу жана университеттин аспиранты Бретт Уилсон.
Илимпоздор жоогазындын бул жаңы түрү кайтарууда болуп, Ботаникалык бакта көбөйтүлөрүн айтышты.