БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Жер ресурстары кызматынын директору Абдулат Мырзаев депутаттарды Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун айткандарына терикпөөгө чакырды.
Тармактык комитеттин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков мисал катары аткаминерден "телефонуңуз Iphone болсо ордуна үч MI же Huawei берейин десем алмашасызбы?" деп сурады эле, Мырзаев айырбаштоого даяр экенин айтты.
"Ушундай адамдар болгон үчүн минтип жатасыздар да. Айланайын, Кемпир-Абад менен тоонун башынын айырмасы бар да. Биз жер алмаштык дегенде көлөмүн айтып жатабыз. Бирок анын сапаты, деңгээли бар, сууну кантип жерге алмаштырасың. Бүргөндүдө жакшынакай жерлер иштетилбейт, эч ким жашабайт дагы. Азыр ошондой жерлерди дагы көбүрөөк алып мактанып жатабыз. Кеп санда эмес, сапатта. Эгер Кемпир-Абаддан сол жээк каналы курулуп Бүргөндүгө тартылганда Баткен гүлдөгөн облуска айланмак. Стратегиялык жактан уттуруп жатабыз. Кечээ өзбек премьери "каналды курсак 2000 гектар сугат жер кетет экен, ошол оор иш болуп жатат, андан көрө тоонун чокусунан жайлоону бердик дебедиби", — деп суроо салды Кадырбеков.
Буга жооп берген Мырзаев ар бир адам өзүнүн жасаган кадамын туура деп баалоого аракет кыларын айтты.
"Эми алар эч качан "15 миң гектар жерди алдырып койдук" деп айтпайт да. Биз ошончо жер алдык деп жатабыз, анан ага жооп катары ар кандай аргументтерин айтууда. Эмне үчүн биз өзбек тараптын айткандарына анчалык реакция кылып, теригишибиз керек. Жер алыптырбыз айылдар, үйлөр, жолдор чечилиптир деген көз карашта болбостон Өзбекстандын премьер-министри айтып койсо, чоң маселе катары кабыл алып жатабыз", — деди Жер ресурстары агенттигинин директору.