БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынан канал куруу шартын аткарбай койгону үчүн Кыргызстанга компенсация катары жер берет. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов билдирди.
Анын айтымында, суу сактагыч курулуп жатканда Өзбекстан өз аймагы аркылуу Кыргызстандын Бүргөндү айылына 200 чакырымдык канал тартып келүү милдетин алган.
"Келишимде Бүргөндү массивиндеги жерлерди сугарыш үчүн кеңдиги төрт метрлик канал куруу белгиленген. Бирок кээ бир себептерге байланыштуу аткарылган эмес. Биринчи себеби борбордон акча бөлүнбөй калган. Ошол канал курулбагандыктан Кыргызстандын 8000 гектар жери өздөштүрүлбөй калган. Буга байланыштуу кыргыз тарап албай калган жана келечектеги алчу пайдасынын ордун толтуруу үчүн Гавасай аймагынан 12 709 гектар жайыт жерди аларга компенсация катары бердик", — деди Арипов.
Өзбекстандын өкмөт башчысы эгер азыр ал каналды кура турган болсо кеминде 20 калктуу конушту көчүрүү керек болорун билдирди.
"Элди көчүрүү, компенсация төлөө зарыл, ошондой эле каналды өткөрүү үчүн 2000 гектар сугат жерди садага чабыш керек болот. Ушулардын баарын эсептеп көрдүк. Албетте, алар (кыргыз тарап — ред.) көбүрөөк сурады, биз "жок" дедик. Талашып-тартышып отуруп ушул келишимге токтолдук", — деди Арипов.