БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы күндүн көзү бузулуп жатканына байланыштуу узак жолго чыгып жаткан айдоочуларга эскертүү берди.
Маалыматка ылайык, 16-17-ноябрь күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүп, жолдорго муз тоңот.
Мындай катаал аба ырайы Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында жана Суусамыр — Талас — Тараз трассасынын Өтмөк ашуусунда катталарын белгиледи.
Милиция айдоочулардан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылды сактоого чакырат.
Ошондой эле өзүнө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана коопсуздукка көңүл бурбай коюунун кесепети оор болорун эскертет.