БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. КТРКнын "Биринчи радиосу" менен НТС "Азаттыктын" ("Азаттык/Эркин Европа" радиосунун кыргыз кызматы) теле жана радиоберүүлөрүн трансляция кылууну токтотту.
"Азаттыктын" маалыматына караганда, "Биринчи радио" 23-октябрдан, ал эми НТС 13-ноябрдан тарта алардын берүүлөрүн обого чыгарбай калган.
НТСтен Sputnik кабарчысына бул маалыматты тастыкташты.
"Маданият министрлиги менен кырдаал жөнгө салынганга чейин эфирден убакыт берүү убактылуу токтотулду", — деп жооп беришти телеканалдан.
Ал эми "Биринчи радио" комментарий бере элек.
Буга чейин, тагыраагы, эки ай мурда Маданият министрлиги "Азаттык Медиа" сайтынын ишин эки айга токтоткон. Мындай чара кыргыз-тажик чек арасындагы сентябрдагы окуялар боюнча "өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген материалдарга жооп кайтаруу үчүн кабыл алынды" деп айтылган.
Андан көп өтпөй, 3-ноябрда "Демир банк" "Азаттыктын" эсептеринин ишин токтоткон. Банктан бул кадамдар ТИК/ККЛК мыйзамына ылайык жасалганын айтышкан.