16-ноябрга карата аба ырайы

16-ноябрга караган түнү Чүй, Жалал-Абад, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган облустарда жаан-чачын болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Шаршемби күнү өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде жаан, тоолуу аймактарда жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -1...+4, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көл чөлкөмүндө +2...+7, Талас жергесинде 0...+5, ал эми Нарында +1...+6 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 0...+2 жана Ош калаасында +6...+8 градус болот.
Кыштын биринчи айы суук болобу? Декабрга карата аба ырайы