Радио

Надырбеков: ыктыярчылык багытты колдоого басым жасалат

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков 2023-жылы өкмөт тарабынан жаш ишкерлерди колдоону колго алуу, ыңгайлуу шарттарды түзүү каралып жатканын айтты.
Sputnik
Кийинки жылы ыктыярчылык багытты колдоого көмөк көрсөтүлүп, ченемдик-укуктук актылар бекитилет. Бул тууралуу Союзбек Надырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда ыктыярчылардын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырууга багытталган мыйзам долбоору иштелип чыккан.
"Акыркы 20 жыл аралыгында жаштар багытында бир топ өзгөрүүлөр болду. Мисалы, пандемияга чейин жаштардын ой-жүгүртүүсү башкача болсо, андан кийин таптакыр өзгөрдү. Биз учурдагы реалдуулукка басым жасап, өнүгүү стратегиябызды, концепциябызды карап, бир катар документтерге өзгөртүүлөрдү киргизип, толуктоолорду жасайлы деп турабыз. Министрлик жаштар саясаты жаатында кийинки жылы ыктыярчылык багытты, ишкерликти колдоого жана жаштарды креативдүү индустрияга чакырууга багыт алууда. Кыргызстанда ыктыярчылардын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырууга багытталган мыйзам долбоору иштелип чыккан. Ал кабыл алынып калса, бул тармакта да иш жөнгө салынып калат эле", — деди Надырбеков.
Ошондой эле ал аймактардагы жаштарды колдоо үчүн каржы маселеси чечилип, системалуу кадамдар жасалышы зарылдыгын кошумчалады.