ЖОЖдорго тапшыруу үчүн кышкы ЖРТ 26-27-ноябрда өтөт

Борбор калаада 25-ноябрда билим сынагын өткөрүүчү тестирлөө борборлору даярдалат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн абитуриенттерге кышкы жалпы республикалык тестирлөө 26-27-ноябрь күндөрү өтө турган болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 25-ноябрда тестирлөө борборлору даярдалып, ушул эле күнү тест борборлорунун базасында саат 13:00дөн 17:00гө чейин абитуриенттерди кошумча каттоо жүргүзүлөт.
Тестирлөө борборлору:
Бишкек шаарындагы №72 орто мектеп;
Бишкек шаарындагы №95 окуу-тарбия комплекси;
Ош шаарындагы "Жетиген" мектеп-лицейи.
ЖРТга катышууга мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана учурда 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет.
Алдын ала өтүнмөлөр боюнча, кышкы кабыл алууну 49 жогорку окуу жай өткөрөт. Алардын ичинен 17си мамлекеттик, 33ү менчик окуу жай экени айтылды.
Радио
Асан кызы: учурда ЖОЖдордо 50 миңден ашык бош орун бар