Борбор калаадагы жети жерге жаңы светофор орнотулат. Тизме

Жол чырактар ноябрь айынын аягына чейин ишке берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Жөө жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугу үчүн Бишкектин жети көчөсүнө жаңы жол чырак орнотулат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Шаардын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тендер өткөрүп, натыйжада төмөнкү көчөлөрдүн кесилишине жол чырак коюлат:
Лев Толстой — Мухтар Ауэзов;
Профсоюзная — Бородино;
Ахунбаев — Тыныстанов (үн коштоочу аппараты менен);
Шералиев — Күйүкова;
Салиева — Буденный;
Манас — Көкчөтай;
Сухэ-Батор — 7-апрель.
Жол чырактар ноябрь айынын аягына чейин ишке берилет. Жыл аягына чейин дагы 11 светофор орнотуу пландалууда.
Бишкекте 160 миң жоогазын отургузулду. Сүрөт