Таңда Баткенде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

ӨКМ жабыркагандар жана кыйроолор жок экендигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бүгүн таңкы саат 04:07де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Лейлек районунун Ак-Суу, Коммуна айылдарында 3 балл, Жеңиш, Искра, Андарак, Таш-Булак айылдарында жана Раззаков шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Кыргызстандагы ири шаарлардын баарында жер жаракасы бар. Сейсмологдун маеги