БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Жиу-житсу боюнча курама команда дүйнө чемпионатынан беш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Мелдеш Абу-Даби шаарында өткөн. Кыргызстандык спортчулар эки күмүш жана үч коло алган.
Килемде 85 килограмм салмакта күч сынашкан Иса Ахмедов экинчи орунду алган. Ошондой эле пара жиу-житсу боюнча 77 килограмм салмактагылар арасында беттешкен Азат Бакиров күмүш медалдын ээси болгон.
Ал эми Жылдызбек Абылов (56 кг.), Нуртилек Сатыбалдиев (50 кг.) Абдулла Рахманов (46 кг.) үчүнчү орунду ээлеген.