Мейманканалардан түшкөн киреше кандай болду? Сентябрдын көрсөткүчү

Былтыркыга караганда, быйылкы жылдын соңку тогуз айындагы сандар өтө эле айырмаланат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Быйылкы жылдын сентябрь айында Кыргызстанда мейманканалар көрсөткөн кызмат (акчалай жагынан алганда) эки эсе өскөн. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттен кабарлады.
Сентябрда түшкөн киреше:
2021 — 212,6 миллион сом;
2022 — 478 миллион сом (2,6 эсе көп).
Январь-сентябрь ичиндеги киреше:
2021 — 1 миллиард 110,4 миллион сом;
2022 — 2 миллиард 106,4 миллион сом.
Кыргызстанда жашоо 70 сомго арзандады. III кварталдын жыйынтыгы