14-ноябрга карата аба ырайы

14-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү күндүз Кыргызстан боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +7...+12, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +8...+13, Ысык-Көл облусунда +5...+10, Нарында 0...+5 градус болору айтылды.
Термометр Бишкек жана Ош шаарларында +10...+12 градусту көрсөтөт.
Кар жаайбы? Кыргызстанда бир жумага карата аба ырайы