Дарыгер сасык тумоодо пайдасы тийбеген элдик каражаттарды санап берди

Дарыгер суук тийип, тумоолоп калган учурда малдын майын колдонуудан эч кандай майнап чыкпасын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Тумоолоп жатканда ысык суюктукту көп ичүү эч кандай пайда бербейт. Бул тууралуу терапевт Олег Абакумов РИА Новости басылмасына берген маегинде билдирди.
"Суук тийип, тумоолоп калганда суюктукту көп ичүү ашыкча болбойт, бирок кайнак эмес, жылуу суу ичиш керек. Таттууга караганда кычкылдандырылган суюктук пайдалуу. Бирок аны көп ичүүдө ашказанда гастрит пайда болушун унутпаңыз. Малина кошулган чайдын ордуна брусника, клюквадан жасалган морсту ичкен жакшы", — деген Абакумов.
Адистин айтымында, бал кошулган сүттүн дагы пайдасы жок. Ал эми цитрус жемиштерин көп колдонуу сасык тумоодон куткарбайт. Анткени С витамини тумоолоп жатканда жардам бербейт. Тескерисинче, цитрус жемиштерин көп колдонуудан ашказандын оорусун арттырып алуу коркунучу бар.
"Ак май менен малдын майын (койдун, аюунун жана иттин майы) колдонуу гриппке каршы күрөшүүдө эч кандай терапиялык таасир бербейт", — деп кошумчалаган дарыгер.
Эл арасында кеңири колдонулган пияз, чеснок жана мурч кошулган арак дагы гриппке каршы эч кандай жардам бербей тургандыгы айтылган.
Врачка жардам болсун, антибиотиктерди башаламан ичпегиле! Эксперттин маеги