Борбор калаадагы цирк кантип курулган? Архивдик сүрөттөр

Мындан 46 жыл мурун борбор калаадагы мамлекеттик цирктин имараты колдонууга берилип, маданий мекеме көрүүчүлөрдү кабыл ала баштаган. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган маданий жайдын сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Бишкек шаарындагы кооз архитектуралык объектилердин бири болгон мамлекеттик цирк 1976-жылдын соңку айларында ишке берилип, кийинки жылы көрүүчүлөргө өз эшигин ачкан. Анын долбоорун Москванын оюн имараттарын жана спорттук курулуштарды долбоорлоо боюнча борбордук илим изилдөө институтунун кызматкерлери түзүп, курулуш бир нече жылга созулуп, архитекторлору Леонид Сегал, Анатолий Нежурин, И.Шадрин болгон. Курулуш аяктаганда алар СССРдин Министрлер кеңешинин сыйлыгына татышкан.
Имарат бийиктиги 20, диаметри 70 метр болуп тегерек формада курулган. Өзүнө 2000дей көрүүчүнү батырган цирктин мейманканасы, машыгуу залы, кошумча бөлмөлөрү бар. Ал азыр имараттын жаңылануусуна чоң салым кошкон Абубакир Изибаевдин ысымын алып жүрөт.
1 / 12

Согуш маалында курулган эски цирк ушундай болгон

2 / 12

Жаңы цирктин долбоорун москвалык адистер түзүп, курулуш иштерин жергиликтүүлөр аткарган

3 / 12

Курулуш иштерине оор техника, мрамор, сары таш өңдүү материалдар да колдонулган

4 / 12

Анын архитекторлору Леонид Сегал, Анатолий Нежурин, И.Шадрин болгон

5 / 12

Көрүүчүлөргө толгон цирктин ички көрүнүшү

6 / 12

Өлкөнүн башкы циркинин курулушу 1976-жылы бүткөрүлгөн

7 / 12

Кезинде цирк фрунзеликтердин сүйүктүү жери эле

8 / 12

Цирктин өзүнүн мейманканасы, машыгуу залдары, кызматкерлер үчүн атайын бөлмөлөрү бар

9 / 12

Цирк өлкөдөгү маданий жана тарыхый объектилердин катарына кирет

10 / 12

Циркте иштегендер республика ичинде гана эмес, башка өлкөлөргө да чыккан

11 / 12

Цирктин жалпы көрүнүшү. Ага эки миңдей көрүүчү батат. Фрунзе шаары, 1978-жыл

12 / 12

Союз маалында салынган имарат бийиктиги 20, диаметри 70 метр болуп, азыркыга чейин эл кызматында

Тема боюнча:
Кыргызстандын жаратылышына кызыгып келген чет элдиктер. Архивдик ирмемдер
"Чабандын кызы" үчүн алтын медаль алган. Семен Чуйковдун архивдик сүрөттөрү
Ата мекендик жарандык авиацияга 89 жыл толду. Кызыктуу архивдик сүрөттөр