Кытайда коронавирус кайрадан баш көтөрүп, ооругандар көбөйө баштады

Белгилей кетсек, Кытайда коронавирус боюнча көзөмөл дагы эле күчүндө.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кытайда коронавирус кайрадан баш көтөрүп, эпидемиологиялык абал начарлай баштады.
РИА Новости маалымдагандай, өлкөдө бир суткада эле 1 150 адамдын илдет илештиргени аныкталган. Мындан тышкары, симптомсуз 9 385 алып жүрүүчү катталган.
Коронавирус жуктургандардын басымдуу бөлүгү Гуандун жана Хэнань провинцияларында. Сырттан келгендерден да коронавирус табылып жатканы маалым болду.
Белгилей кетсек, Кытайда коронавирус боюнча көзөмөл дагы эле күчүндө. ПЦР-тест тапшыруу, бет кап тагынуу талаптары алына элек.
Буга чейин инфекционист Сергей Вознесенский COVID-19 пандемиясы бүттү деп айтуу азырынча эрте экенин белгилеп, оору 2023-жылы аякташы ыктымал экенин кошумчалаган.
Пандемия 10 миллиондон ашык баланы ата-энесинен ажыратты