Радио

Шатманов: Кыргызстан кышкы туристтик сезонго даяр

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Самат Шатманов Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кышкы туризм боюнча алдыңкы үчтүктө экендигин айтты.
Sputnik
Кышкы туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүүгө даярдыктар толук кандуу жүрүүдө. Бул тууралуу Самат Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары чет өлкөлүк альпинисттер Кыргызстанда жайгашкан чокуларга чыгууга кызыгып жатышат.
"Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кышкы туризм боюнча алдыңкы үчтүккө кирет. Анткени биздин өлкөнүн табияты, жаратылышы көбүн кызыктырат. Ошол эле учурда кыргыздардын менталитети, турмушу, каадасы, меймандостугу чет өлкөлүктөрдү тартып турат. Тоо туризмин жактыргандар Караколдо кар жаашын күтүп турушат. Азыр кышкы туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүүгө толук кандуу даярдыктар жүрүүдө. Акыркы учурда туризмде ишкерлик кылып, конокторду тосуу, кызмат көрсөтүү тармагы жолго коюлуп жатат. Мындан тышкары, чет өлкөлүк альпинисттер Кыргызстанда жайгашкан чокуларга чыгууга кызыгышууда. Өзгөчө Ленин, Хан-Теңир, Жеңиш чокулары өзүнүн кооздугу менен айырмаланып турат. Альпинизм негизи абдан кымбат спорт. Демек, биз аларга бардык шартты түзүп беришибиз зарыл. Мисалы, коопсуздук ишине учурда абдан көңүл бурулушу керек", — деди Шатманов.
Ошондой эле адис Ош шаарында II аймактык туристтик форум өтүп, туризмге инвестиция тартуу, өлкөнүн ар бир дестинациясын көрсөтүү иштерине көңүл бурулганын кошумчалады.