БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, мамлекет башчы кол койгон жарлыктардын ичинде 2 370 адамды (анын ичинен 1871и чоңдор, 499у балдар) Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө беш документ бар. Жарандык алгандардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
Президенттин жарлыгы менен 360 адам (анын ичинен 277си чоңдор жана 83ү балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылган. Жалпы 2 730 адамга өтүнүч келтирилгени айтылды.