Иш берүүчүлөр эми чет жактан келген жумушчулар үчүн камсыздандыруу төгүмүн төлөйт

Буга чейин Кыргызстанда убактылуу жүргөн жана иштеген чет элдиктер үчүн иш берүүчүлөр пенсиялык фондуга үч пайыз төлөп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Ноябрдан тарта иш берүүчүлөр чет өлкөлүк жумушчулар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргызстандын жарандары менен бирдей төлөшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, буга чейин Кыргызстанда убактылуу жүргөн жана иштеген чет элдин жарандары үчүн иш берүүчүлөр пенсиялык фондуга үч пайыз төлөп келсе, эми 27,25 пайыз менен жүргүзүлөт. Чет өлкөлүктөр үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 2021-жылдын 15-ноябрындагы мыйзам менен өзгөртүлгөн.
Келишим боюнча иштегендер, жеке ишкерлик менен алектенгендер, анын ичинде базарда иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жоктор камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргызстандын жарандары сыяктуу өз алдынча жүзөгө ашыра алышат.
Alibaba, Netflix. Кыргызстанда Google салыгын төлөөдөн баш тарткан компаниялар