Ден соолук жайында эмес экенинен кабар берген 5 белги

Дарыгерлер бул белгилерди өзүнөн байкагандарга тез арада ооруканага кайрылууну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Медициналык "Доктор Питер" басылмасы олуттуу көйгөйү бар организмде кандай белгилер болорун тизмектеди.

Ооздун кургашы

Невролог Алла Меркулованын айтымында, ооз көңдөйү бат-баттан кургап кеткен адамдар кийин кант диабети, инсульт, Альцгеймер оорусу сыяктуу илдеттерге кабылышы мүмкүн.

Баштын көп оорушу

Медицина илимдеринин доктору Моника Вассерманндын пикиринде, башы көп ооруган кишилер демдин кысылышы сыяктуу ооруларга, депрессия, стресске тез кабылат.

Аба жетпей ойгонуу

Уктап жаткан учурда деми көп кысылган кишилер бара-бара астма, жүрөк кемтиги сыяктуу ооруларга кептелиши ыктымал.

Колдун чымырашы

АКШлык адистер колу көп чымыраган кишилерде моюн спондилезу, омуртка оорулары, кант диабети аныкталарын айтышат.

Тынчсыздануу менен ойгонуу

Бул дагы дем алуу системасындагы көйгөйлөр менен байланыштуу. Башкача айтканда, мээге кычкылтектин начар жетип жатканынын белгиси. Андыктан дарыгерлер бул нерсе тынчын алгандар тез арада ооруканага кайрылышы керектигин айтат.
Көз айнекти түшүрбөй тагынуу көздүн көрүүсүн начарлатабы? Адистин жообу