Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты ачылды. Сүрөт

Эл аралык таймашка дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнөн 500гө жакын спортчу катышмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарында өтүп жаткан чоңдор арасындагы Самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 6

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарында өтүп жаткан чоңдор арасындагы Самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты

2 / 6

Самбо күрөштүн абдан кызыктуу жана динамикалуу өнүгүп жаткан түрү, биздин республикада да кеңири жайылган. Белгилей кетсек, самбо боюнча дүйнөлүк турнир биздин өлкөдө алгач ирет өтүүдө.

3 / 6

Мындай иш-чаралар эл арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү жана жайылтуу иретинде маанилүү экендигине ишенем

4 / 6

Бул турнир республикада массалык дене тарбия кыймылын мындан ары өнүктүрүү үчүн шык берип, ар бир катышуучунун эсинде узак убакытка чейин сакталууга тийиш

5 / 6

Дүйнө чемпионатынын жалпы катышуучуларына мелдештерде жогорку натыйжаларга жетишүүсүн каалайм. Мыктылар жеңишке жетсин — деген Байсалов

6 / 6

Мелдешке дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнөн 500гө жакын спортчу катышмакчы

"Самбо күрөштүн абдан кызыктуу жана динамикалуу өнүгүп жаткан түрү, биздин республикада да кеңири жайылган. Белгилей кетсек, самбо боюнча дүйнөлүк турнир биздин өлкөдө алгач ирет өтүүдө. Мындай иш-чаралар эл арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү жана жайылтуу иретинде маанилүү экендигине ишенем. Бул турнир республикада массалык дене тарбия кыймылын мындан ары өнүктүрүү үчүн шык берип, ар бир катышуучунун эсинде узак убакытка чейин сакталууга тийиш. Дүйнө чемпионатынын жалпы катышуучуларына мелдештерде жогорку натыйжаларга жетишүүсүн каалайм. Мыктылар жеңишке жетсин", — деген Байсалов.
Мелдешке дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнөн 500гө жакын спортчу катышмакчы.
Кыргызстандык балбандар Испаниядагы дүйнө чемпионатында эки медаль утту