Көз айнекти түшүрбөй тагынуу көздүн көрүүсүн начарлатабы? Адистин жообу

Окулист көз айнекти же линзаны чечкенде эмне себептен көз мурдагыдан начар көрүп каларын түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Көз айнекти түшүрбөй тагынуу көздүн көрүүсүн начарлатабы? Бул суроого "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде офтальмолог, медицина илимдеринин кандидаты Евгений Гурмизов жооп берди.
"Көз айнек тагынганда булчуңдар "жалкоо" болуп, көрүү начарлайт деп ишенгендер бар. Же атайылап "минусу" же "плюсу" зарыл болгондон төмөнүрөөк көз айнекти тандашат. Бул жаңылыштык. Өзүндө аномалиясы бар көздү кыйнап жүрө бербей, көз айнек же линза менен көрүүнү тууралап алган жакшы. Башкача айтканда, көрүү системасына жардам берип, анын туура, тоскоолдуксуз иштөөсүнө шарт түзүш керек", — деди офтальмолог.
Ошол эле учурда ал көз айнекти же линзаны чечкенде, эмне себептен көз мурдагыдан начар көрүп каларын түшүндүрдү.
"Бул булчуңдардын "жалкоолонуп", иштебей калганынан эмес. Жөн гана көз айнекчен турганда көз даана, так картиналарга көнө түшөт дагы, аны чечкенде бардыгы тунарып калгандай сезилет", — деди адис.
Мындан тышкары, дарыгер алысты көрүү же окуу үчүн жазылган көз айнекти дайыма колдонуунун зарылдыгы жок экенин кошумчалады.
Көздүн көрүүсүн жакшыртпайт. Адис сабиз тууралуу мифти жокко чыгарды