Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Дарыгерлер аскердин денесинен жарылбай калган затты алып чыгышкан. Видео

Ок пациенттин көкүрөгүн жаралап, кабыргасын талкалай, өпкөсүн тешип өтүп, омурткасына барып сайылып калган.
Sputnik
Россиянын Мандрыка атындагы Борбордук аскерий госпиталдын хирургдары атайын операция учурунда аскердин көкүрөгүн тешип кирип кеткен жарылуучу затты алып чыгышты.
Бул тууралуу дарыгер жана жарадар болгон аскер өзү айтып берген.
Уникалдуу бул операцияны Белгород облусундагы райондук бейтапканада жасашкан. Ок пациенттин көкүрөгүн жаралап, кабыргасын талкалай, өпкөсүн тешип өтүп, омурткасына барып сайылып калган. Аны аппаратка салганда ок жүрөктүн жанында турганын көрсөткөн.
"Ок кайсы учурда болбосун жарылып кетиши мүмкүн эле. Ага карабастан аскер дарыгерлер жарандык кесиптештери менен биргеликте, халаттын ичинен бронежилет кийип алып, ары жооптуу, ары кооптуу операцияны жасашты", — деп айтып берген РФтин Коргоо министрлигинен.
Ал эми жарадар болгон жоокердин айтымында, алгач эмне болуп кеткендигин оңчулуктуу түшүнбөй калган. Бронежилеттин четине бир нерсе урунганын туйган, эсин жоготкон эмес, ал тургай кыймылдап жүргөнгө дарманы жеткен... Учурда пациент акырындап оңолууда, бул күндөрү Москва шаарындагы кайра калыбына келтирүү курсунан өтүп жатат.
Тема боюнча:
Коптерден түшкөн гранаталарды алып кайра ыргыткан россиялык жоокердин видеосу