Бишкектен Москвага учуп баргандардын 4 млн. долларын тоноп кетишти

Агенттикке маалымат берген киши бул окуя аэропорттун чыга беришинде болгонун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Москвада "Домодедово" аба майданында белгисиз бирөөлөр Кыргызстандан учуп келген эркек кишилердин 4 миллион долларын тоноп, андан соң из жашырып кеткен. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Агенттикке маалымат берген киши бул окуя аэропорттун чыга беришинде болгонун айткан.
"Куралданган белгисиз адамдар Бишкектен келген жүргүнчүлөрдүн тобуна кол салган. Алар 4 миллион долларга жакын акчаны алып кетишкен", — деген ал.
Маалымат булагы капыстан карактаган учурда эч ким жаракат албагандыгын, шектүүлөр изделип жаткандыгын кошумчалады.
Россиялык жаран учактан 8 миң евросун жоготуп, кыргыз бажычылары таап берди