Бишкекте 160 миң жоогазын отургузулду. Сүрөт

Азыр отургузулган жоогазындар жазында гүлдөп баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Ордо калаада жоогазын гүлдөрүн отургузуу иштери башталып, "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы 160 миң гүл тикти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Ордо калаада жоогазын гүлдөрүн отургузуу иштери башталып, "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы 160 миң гүл тикти

2 / 3

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады

3 / 3

Мэрия былтыр жазында борбордо 140 миң жоогазын гүлдөгөнүн эске салды

"Жазында шаардыктар жоогазын гүлдөрүн Жаштык аллеясынан, Эмен паркынан, Пушкин көчөсүндөгү Курманжан датка эстелигинин жанынан, Абдылас Малдыбаев атындагы театрдын алдынан, Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Жомок" скверинен көрө алышат", — деп айтылат кабарда.
Мэрия былтыр жазында борбордо 140 миң жоогазын гүлдөгөнүн эске салды.
Чүйдө 10 гектар жерге 2,5 миң түп жаңгак көчөтү отургузулду