Америка азыр Украинаны колдон чыгаргысы жок. Ошентсе да 8-ноябрдагы шайлоо чындап эле тактикалык эмес, стратегиялык мааниге ээ деп эсептейт серепчи Петр Акопов. Анын бул жолку макаласы да америкалык саясатка арналып, РИА Новости сайтына жарыяланган.
Республикачылар конгресстин эки палатасын тең көзөмөлдөп калышы ажеп эмес. Ак үй оппозициялык партия менен тирешке бүт дитин коюуга аргасыз болмокчу. 2016-жылы Кошмо Штаттарда ички саясий каатчылык башталганы белгилүү. Анын маңызы утулган тарап жеңген тарапты шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого, чет өлкөлүк кийлигишүүлөргө айыптап, жеңилгенине моюн сунбаганында эле. Башкача айтканда, шайлоонун өзүн гана эмес, бийликти да мыйзамсыздаштыруу жүрөт. Ал эми быйыл утулган демократтар конгрессти мыйзамсыз деп жарыялашы ыктымал.
2024-жылы өтө турган президенттик шайлоо да жеңилген жак тарабынан таанылбай турганын азыртан эле болжоого болот. Ким утуп чыгары эмес, андан кийин эмне болору маанилүү. Тиреш күчөп, бийлик бутактарына ишеним азайып, коомдо жик пайда болууда.
Бирок 2024-жылга дейре кырдаал таптакыр башка деңгээлге чыгары бышык. Шайлоонун жыйынтыгын тааныбастыгын өзүнчө штаттар да айтып чыга башташы мүмкүн. Демократиялык (Трамп жеңсе) же республикалык (эгер ал утулуп калса) партия болобу, кимиси озуп чыкса да, маңызында андай көрүнүш АКШнын ыдыроо процесси башталганын туюндурат. Анткен менен кыйроонун ыргагын да, натыйжасын да алдын ала жоромолдоп болбойт. Ал процесс бир нече жылга тоңдурулуп же тарыхый ченемден алганда тез эле болуп кетиши да мүмкүн.
Бирок кандай болгон учурда да Кошмо Штаттар мурдагы тейде калбайт. Бир бүтүн мамлекет катары сакталып калган күндө да АКШ өтө катуу өзгөрөрүн боолголоого болот. Ошондой эле глобалдык позициялары да чабалдайт.
Кытайга каршы күрөшүү өлкөнүн бардык глобалдык ресурстарын тартууга мажбур кылат. Андайда Европага көңүл буруу да басаңдай түшөт. Россия менен тирешүү жана аны ооздуктоодо башкы роль Түндүк атлантикалык альянстын чыгыш бөлүгүнө, тагыраагы, Улуу Британия менен Европа биримдигине оойт. Анткен менен Улуу Британиянын тийиштүү ресурстары, ал эми Европа биримдигинин Украинанын айынан Россия менен узакка созулган жаңжалга стратегиялык кызыкчылыгы да жок. Ошондуктан күчтүү жана бирдиктүү Кошмо Штаттарсыз Батыш азыркыдай таасирге ээ боло албай турганы анык.