Кыргызстанда депозиттин көлөмү 300 млрд. сомдук чекке жакындады

200 миллиард сомдук босогодон өлкө былтыр өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Сентябрдын аягына карата Кыргызстандагы депозиттик база 295,7 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын статистикалык маалыматтарынан белгилүү болду.
Аталган көлөмгө аманат акча (бардык түрү) менен эсептеги акчалар кирген. Кеп юридикалык жактар менен жеке тараптар тууралуу болууда.
Августтун соңунда депозиттик база 281 миллиард 876,4 миллион сом болчу. Бир айдан кийин 295 миллиард 714,3 миллионго жеткен.

Эмненин эсебинен көбөйүүдө?

Өсүү мөөнөтүнө чейин колдонулат деп салынган депозиттер (7 миллиарддан ашуун кошулган) жана жеке эсептердеги каражаттын (6 миллиард кошулган) эсебинен болду.
Салыштыруу үчүн айтсак, 200 миллиард сомдук чектен өлкө былтыр өткөн.
Эскерте кетсек, 2021-жылы депозиттик базанын көлөмү көбөйүп отуруп, быйыл үч ай катары менен төмөндөп (30 миллиардга) кеткен. Андан кийин кайра турукташып, июнь айынан тарта жаңы рекорддор жаралууда.
Радио
Мүсүралиев: адам 6 айлык чыгымын жаба турган акча топтоп алганы оң