Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Коптерден түшкөн гранаталарды алып кайра ыргыткан россиялык жоокердин видеосу

Социалдык тармакта украиналык квадрокоптерден түшкөн гранаталарды кайра алып ыргыткан жоокердин видеосу тарады.
Sputnik
Кадрда жааган октон калкаланып окопто жаткан жоокердин каршы тараптын дронунан түшкөн гранаталарды кайра ыргытып жатканы тартылган.
Алып баруучу Владимир Соловьёвдун Telegram-каналында окуя быйыл жазда Малая Рогань айылынын жанында болгону жарыяланды. Видеодо №138 өзүнчө гвардиялык мотоаткычтар бригадасынын аскери Алексей С. экени, анын аман калганы айтылат.
Билдирүүдө гранатанын шакекчеси алынгандан кийин болжол менен 3,2-4,2 секундадан соң жарылары жазылган. Бул убакыт аны ыргытып жаткан кишинин аман калышына жетет. Демек, жоокердин снаряддан арылууга көз ирмемчелик эле убактысы болгон.
"Орус жоокери жеңилбейт" деген аталыш менен чыккан бул кадрлар дүйнөнү айланып чыкты. Ленинград облусундагы Выборг районунун Каменка айылында жайгашкан №138 өзүнчө мотоаткычтар бригадасынын жоокери Алексейдин эрдиги менен сыймыктанабыз. Командирлерине ыраазычылык билдиргибиз келет!" — деп айтылат облус өкмөтүнүн маалымат кызматы тараткан кабарда.