БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын бир катар райондорунда электр кубаты өчүрүлөрүн "Чүй электр тармактары" ишканасынан кабарлады.
Адистердин подстанцияларды техникалык жактан тейлеп, бактардын бутактарын кесип жана башка иштерди жасашары айтылды.
Электр кубаты өчө турган аймактар:
9:00 -12:00 — Үмүт конушу (Үмүт 7 - Үмүт 19 көчөлөрү);
9:00 - 15:00 — Озерное айылы (Заводская, Ершебулов, Центральная көчөлөрү);
9:30 - 17:30 — Лермонтов, Ибраев, Сокулук, Карасаев, Белорусская көчөлөрүнүн тилкесинде жана Кумбел чолок көчөсүндө;
9:30 - 18:00 — Фрунзе жана Т. Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде;
9:30 - 18:30 — Карадарыя, Суванбердиев, Кропоткин жана Жантөшев көчөлөрүнүн тилкелеринде;
10:00 - 14:00 — Маликов менен Аммосов көчөлөрүнүн кесилишинде;
11:00 - 14:00 — Исанов менен Абдумомунов көчөлөрүнүн кесилишинде;
12:00 - 15:00 — Фрунзе көчөсүндө;
15:00 - 17:00 — Лев Толстой жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде.