БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бүгүн саат 7.45тен тарта кардан улам Бишкек — Ош жолундагы Сосновка постунан жүк ташуучу автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Маалыматта мындай кадам Төө-Ашууда тыгынды алдын алуу үчүн жасалганы айтылган. Чектөө аба ырайы оңолгучакты болот.
"Кар жааганда жүк ташуучу унаалар жолго туурасынан туруп калып кыймылга тоскоолдук жаратышат. Мындан улам алардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди", — деп жазылат кабарда.
Ушу тапта трассаны жолчулар тазалап, инерттүү материалдар себилип жатканы маалым болду. Министрлик жолго чыккан айдоочуларды дөңгөлөктү алмаштырып, чынжыр, күрөк ала жүрүүгө чакырды.