БАЭге кирерде эми ПЦР-тест, эмдөө тууралуу күбөлүк талап кылынбайт

Бул мамлекетте бет кап тагынуу режими толугу менен 7-ноябрда жоюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. 8-ноябрдан тарта Бириккен Араб Эмирлиги өлкөгө кирүүдөгү айрым чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бул чектөөлөр коронавирус пандемиясынан улам киргизилген.
"Кыргызстандыктар эми БАЭге ПЦР-тесттин жыйынтыгын же коронавируска каршы эмдөө тууралуу күбөлүктү көрсөтпөй эле кире алышат", — деп жазылат кабарда.
Белгилей кетсек, Бириккен Араб Эмирлигинде бет кап тагынуу режими толугу менен 7-ноябрда жоюлган. Аэропорт БАЭ аркылуу үчүнчү өлкөлөргө бара жаткан жүргүнчүлөргө ал мамлекетке кирүү талаптарын тактап алууну өтүндү.
"Ош" аэропорту Дубайдан биринчи каттамды тосуп алды