Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: АКШ Зеленскийди Россия менен сүйлөшүүгө түрткүлөп жатат

Зеленскийдин позициясы Киевге АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан келип кеткенден кийин өзгөргөндүгү айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. – Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленскийдин Владимир Путин президент болуп турган учурда РФ менен сүйлөшүүгө болбойт деген позициясын өзгөртүүгө АКШ түрттү. Бул тууралуу Politico басылмасы кырдаалды жакшы билген эки маалымат булагына таянып жазган.
Батыш ЖМКларынын Киев Россия менен диалогго түрткү берди деген маалыматтарынан кийин шейшемби күнү Зеленский Украинанын диалогдун башталышы үчүн койгон шарттарын атады. Анын айтымына караганда, булар – "аймактык бүтүндүктү калыбына келтирүү, БУУнун Уставын урматтоо, бардык чыгымдарды ордуна коюу, согуштук ар бир кызматкерди жазалоо жана анын кайталанбашына кепилдик берүү". Зеленский муну менен катар Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин Россия президенти Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөө боюнча чечимин турмушка ашыруу үчүн жарлыкка кол койгон. Андан сырткары, Украина Путин президент болуп турганда эч кандай сүйлөшүүлөр болбойт деген кептер болгон.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россия Украина менен сүйлөшүү үчүн ачык экендигин, бирок учурда аны улантууга мүмкүнчүлүк жоктугун, ага жогорку чечимдин чыккандыгы себеп болорун айткан.
Маалымат булактарынын кабарына караганда, Зеленскийдин жаңы позициясы, жумшартып айтканда, АКШнын президенти Жозеф Байдендин администрациясынын "акырын жасалган түрткүсү". Басылма Зеленский Москвага койгон шарттарын жар салып жатканда Путин менен сүйлөшүүгө болбойт деген жарлыгы туурасында ооз ачкан да эмес.
Маалымат булактарынын биринин айтымында, Зеленскийдин позициясы Киевге АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан келип кеткенден кийин өзгөргөн.
Анткен менен Байдендин администрациясынын аты аталбаган жогорку деңгээлдеги өкүлү америкалык расмий адамдар Зеленский жана анын жардамчыларына позициясын өзгөртүү туурасында түз айтпагандыгын, бирок Киев "согушту акылга келип жана сүйлөшүү менен аяктоого даяр экендигин көрсөтүшү керектигин" кыйыткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Байдендин кеңешчиси Москва менен Украина боюнча жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө