ЖМК: АКШ Россиянын өзөктүк куралын жок кыла турчу система иштеп чыгууда

Макаланын авторлору Американын мындай пландары Россиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч жарата турганын белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. АКШ Россиянын өзөктүк куралын жок кыла турчу нерсе иштеп чыгууда. План боюнча ал өлкө жетекчилиги жооп иретинде сокку уруу боюнча чечим кабыл алганга чейин арсеналдын бир топ бөлүгүн жабыркатканга жөндөмдүү болот. Мындай макала Россиянын Коргоо министрлигинин "Военная мысль" гезитине жарыяланганын РИА Новости жазды.
Макалада АКШ дүйнөдөгү лидерликти сактап калуу үчүн Россияны өзөктүк жана стратегиялык өзөктүк эмес курал менен ооздуктап туруу үчүн бир катар чаралардын комплексин ишке ашырууга аракет кылып жатканы жазылган.
"АКШ жакын арада көздөгөнүнө тез жеткен, Россиянын жетекчилиги жооп иретинде сокку уруу боюнча чечим кабыл алганга чейин РФтин өзөктүк күчүнүн бир топ бөлүгүн жабырката турган стратегиялык өзөктүк эмес куралга ээ болууга умтулууда", — деп жазылат кабарда.
Макаланын авторлору бул Россиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч жарата турганын белгилешкен. Алардын айтымында, Вашингтондун планында бир эле учурда чалгын жасап, сокку урган стратегиялык ок атуучу куралдардын системасын түзүү дагы бар.
Өнөкөтпү? АКШ гиперүндүү ракеталар жаатында Россия менен Кытайдан артта калды