Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Херсон: Украинанын коопсуздук кызматынын теракт даярдаган адамдары кармалды

Тогуз адам колго түшүрүлүп, ал эми алардын куратору РФтин аймагынан чыгып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Херсон облусунда аскердик-жарандык администрациянын адамдарына карата теракт даярдагандар — Украинанын коопсуздук кызматынын (УКК) диверсанттары кармалды. Бул тууралуу Россиянын ФСБсы кабарлаган.
Баш-аягы тогуз адам колго түшүрүлгөн. Алардын куратору — УКК кызматкерлери Самир Шукюров, Виктор Хомяк жана Дмитрий Сидейдин Россиянын чегинен сырткары жүргөнүн айтышты.
РИА Новости жардыруу жасоого камынгандарды кармаган видеону таратты. Тинте келгенде алардан беш килограмм пластида, электродетонаторлорду, аракетке келтирген түзүм, өзү жарылып кетүүчү үч граната, ата турган курал-жарак, ок-дары жана тыңчылык кылуучу атайын каражаттар табылган. Мина коюлган автоунаа табылып, ал зыянсыздандырылган. Бул автокөлүктүн жардамы менен алар администрациянын кызматкерлерин жардырмакчы болушкан.
РФтин Кылмыш кодексинин 361-беренеси ("Эл аралык террорчулук") боюнча иш козголуп, кармалгандар сурак жайына киргизилген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кара деңиздеги теракт. Москва Лондонго жооп кайтарат