БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Ноябрдан тарта түрк бийлиги эки ирет катталган (кош каттоо) Россиянын учактарын өз аба мейкиндигинен өтүүсүнө тыюу салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Nordwind авиакомпаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Анна Подгорнаянын айтымында, Түркияны айланып учууга туура келгендиктен, мисалы, Египетке каттамдардын узактыгы 20-30 мүнөткө көбөйгөн. Бирок бул турлардын баасына таасир эткен эмес.
Россиянын Транспорт министрлиги жакын арада бул маселени Анкара менен талкуулай турганын кабарлаган.
"Чикаго конвенциясын бузбаш үчүн Бермуд бийликтери Россияда катталган жана эксплуатацияланган учактарды реестринен чийип салышы керек. Бермуд авиация реестри каттоодон чыгарууну кечиктирсе конвенцияны одоно бузган болуп саналат", — деген Транспорт министрлиги.
Подгорная дос эмес өлкөлөр Россияны өздөрү түзгөн "кош каттоо" боюнча айыптап жатканын айтып, Чикаго конвенциясынын негизги принциптерин өздөрү бузуп жатканын кошумчалаган.
Июнь айында Транспорт министрлиги Россиянын авиакомпаниялары Бермуд авиабийликтерине учактарды каттоодон чыгаруу керектиги боюнча маалымат жөнөткөнүн кабарлаган. Батыштын санкцияларынан улам россиялык авиакомпаниялар учурда чектелген багыттар боюнча гана каттайт.