БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Түркия Россия газынын акысын жарым-жартылай рубль менен төлөөгө өткөнүн TRT Haber аталган мамлекеттин энергетика министри Фатих Донмезге шилтеме кылып кабарлаган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Өзүңөр билгендей, бул боюнча бир кепке келгенбиз, төлөм чекесинен төгүлө баштады. Бул жааттагы иштерди активдештирүү ниетиндебиз", — деген Донмез.
Анын айтымына караганда, Анкара жана Москва соода-сатыктын улуттук валюта менен болгонуна ылайыктап техникалык иштерди жүргүзүүнү улантууда.
Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган сентябрь айында берилип жаткан газдын 25 пайызынын каражатын рубль менен кутулуу туурасында сүйлөшкөн. 12-октябрда россиялык энергетикалык аптада сүйлөп жатканда Путин "Түндүк агымдын" транзитин Кара деңизге кайра багыттоо туурасында сөз кылган. Ал Европага көгүлтүр отту жеткирүү үчүн Түркияны ири газ хабына айлантуу сунушун айткан. Эрдоган "бул идея боюнча ишти тез арада баштоого тапшырма бергенин" билдирген.
Кийинчерээк Түркиянын казына жана финансы министри Нуреддин Небати Financial Times басылмасына берген маегинде Анкара "Газпромдон" продукцияны берүүдө жеңилдик сураганын жана төлөмдүн мөөнөтүн жылдыруу сүйлөшүлүп жатканын айткан эле.