Жаратылышты жарнамалайт: Лондондогу көргөзмөдө кыргыз павильону ачылды. Сүрөт

Иш-чаранын алкагында фонд чет өлкөлүк туроператорлорду маалыматтык семинарга чакырган. Анда өлкөнүн туризм сектору боюнча видеоролик көргөзүлмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Лондондогу World Travel Market көргөзмөсүндө Кыргызстандын жаратылышын даңазалаган павильон ачылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдирди.
1 / 2

Лондондогу World Travel Market көргөзмөсүндө Кыргызстандын жаратылышын даңазалаган павильон ачылды

2 / 2

Маалым болгондой, аталган эл аралык көргөзмөгө аталган фонд үчүнчү ирет катышууда.

Маалым болгондой, аталган эл аралык көргөзмөгө аталган фонд үчүнчү ирет катышууда.
Фонддун негизги максаты — Кыргызстанга дүйнө жүзүнөн жер көрүүгө келгендердин агымын көбөйтүү, инвестицияны туристтик объектилерге тартуу, саякаттагандарга мыкты кызмат көрсөтүү жана Кыргызстандын туристтик операторлоруна салык, инвестициялык шарттарды түзүп берүү экени айтылган.
Мындан тышкары, иш-чарага Кыргызстандан алты туристтик оператор катышып жатканы кошумчаланды.
Аталган көргөзмөнүн биринчиси Лондондо, экинчиси Берлинде, март айында болот. Иш-чаранын алкагында фонд чет өлкөлүк туроператорлорду маалыматтык семинарга чакырган. Анда өлкөнүн туризм сектору боюнча видеоролик көрсөтүлөт.
Кыргызстандын жапайы жаныбарлары франциялык фотографтын көзү менен. Сүрөттөр